Эрасмус К.Керстинг экономикалык согуштардын кандай башталгандыгын ачыкча ортого салууда: мындай согуштар чыныгы согуштар сыяктуу сейрек жана оңой эле акырына чыгат.
Керстинг Вилланова университетинин экономика бөлүмүнүн башчысы жана белгилүү экономист катары билинет. Трамп мезгилиндеги биринчи бажы тарифтеринен бери соодадагы кемчиликтерди изилдеген адам катары сүйлөп жатат. Керстинг бүгүн тарыхтын дагы ачык кайталанып жатканына күбө болууда.
Керстинг TRT World телеканалына: «Бул жерде баары жабыркайт",- деди. Белгилүү экономист : "АКШ керектөөчүлөрү баалардын көтөрүлгөндүгүн көрөт, компаниялар чет өлкөдө талаптарды жоготот. Учурда соода согушу жүрүп жатат - тарифтер суроо-талапка да, сунушка да зыян келтирет. Ал эми америкалык керектөөчү утулуп жатат ", - деди.
9-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан башка көпчүлүк өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн 90 күнгө токтотту. Бирок Кытай тууралуу кадам таштаган жок.
Вашингтон Пекиндин 84 пайыздык катнаштагы жжоп кайтаруу тарифтерине жооп катары бул катнашты 125 пайызга чыгарды жана андан кийин 20 пайыздык кошумча жазаларды кошту. Ушундайча рекорддук деңгээлге жеткен 145 пайыздык салык катнашына жетишилди.
Кытай да жооп берди жана АКШ товарларына салган салык тарифтерин 125 пайызга чыгарды. Натыйжада базарлардын солкулдагандыгы, камсыздоо чынжырларынын үзгүлтүккө учурагандыгы жана эки супер күч өз позицияларын бекемдөөдө.
Керстинг: "Айрым товарлар кымбаттап, айрымдары таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Кытай керектөөчүлөрү да бир аз кыйналышат, бирок экономикалары Америкага салыштырмалуу азыраак керектөөгө багытталган. сыяктуу керектөөчү эмес. Бул жагынан алганда, Кытай бул жерде артыкчылыкка ээ."
Суук соода согушу кызып баратат
Борбору Нью-Йорк болгон макроэкономист Сара Кляйн кырдаалга объективдүү баа берүүдө.
Кляйн TRT Worldга :“Смартфондор. Ноутбуктар. Оюнчуктар. Булардын баары америкалык керектөөнүн негизин түзөт — жана алардын 85 пайызы Кытайдан келет,” - дейт. Кляйн өзгөчө 145 пайыздык тарифтер 1,000 долларлык бир iPhoneдун баасын 1,400 долларга сатыла алат деген мааниге келүүдө жана бул албетте башкы бардык нерсеге жасалган 10 пайыздык негизги тарифтерден мурдагы катнаш”,- деди.
Баалардын өсүшү күтүлүүдө. Инфляция 3 пайыздан төмөн түшкөн болсо, жылдын аягына чейин 4.4 пайызга жетиши мүмкүн деп болжолдонууда. JPMorgan 60 пайыздык рецессия ыктымалына каршы эскертүүдө.
Жана бул бир гана керектөөчүлөргө тиешелүү жагы
Бул жер бир убакта 14 миллиард долларлык соода жолу болгон - Кытайга жасалган соя экспорту 25 пайыздык катнашка төмөндөдү. Айыл чарба технология компаниялары Кытайдагы сатуу көлөмдөрүнүн “маанилүү көлөмдө таасирлене аларын” белгилешти.
Ал тургай пайда көрүшү керек болгон секторлор, мисалы, болот жана алюминий, да кыйынчылыкка туш болууда. Автоунаа жана машина куруу компаниялары үчүн чыгымдар 15%га кымбаттады.
“Бир кол берет, экинчиси алат,” - дейт Клейн.
Кытайда да кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Foxconn кирешесин жоготушу мүмкүн. Гуандундагы заводдор жумушчуларды кыскартууга аргасыз болушу мүмкүн.
Пайда тапкандар, жоготкондор жана жаңы соода картасы
Бирок ар бир чыккан өрт айрымдары үчүн мүмкүнчүлүктү жаратат.
Вьетнамдын АКШга жасаган экспорту 2020-жылдан бери 50 пайызга өстү. Мексика азыркы учурда АКШнын эң чоң соода өнөктөшү катары автоунаа өндүрүшүн кеңейтүүдө. Индия электроника борбору катары өсүүдө, Apple, iPhone өндүрүшүнүн 15 пайызын бул жакка жылдырууда.
“Жалпысынан, АКШнын Кытайга экспорттогон товарларды өндүргөн өлкөлөр пайда көрүшү мүмкүн,” - дейт Керстинг. “Акыркы жолу Бразилия айыл чарба тармагында лидерликти алды. Бул жолу Кытай Европаны өзүнө тартууга аракет кылууда — АКШнын таасирин азайтуу үчүн ЕБ менен дагы көп соода кылууга аракет кылууда”.
Клейн: "Бул кырдаал орто күчтөр тарабынан өч алуу болуп саналат. Тарапсыз болгон өлкөлөр - Вьетнам, Мексика, Индия — бул кырдаалдан пайда көрүшү мүмкүн”,- деди.
Бирок башкалары үчүн соода согушу эки тараптан тең кысым көрсөтүүдө. Европа Биримдиги АКШ менен түзгөн 900 миллиард долларлык жана Кытай менен түзгөн 900 миллиард долларлык сооданын арасында кысылып калды. Кытайдан келе турган тетиктерге көз каранды болгон немис автомобиль өндүрүүчүлөрү чыгымдардын өсүшү менен бетме - бет.
Тайвандын жарым өткөргүч экспорттору АКШнын тарифтеринен жана Кытайдын сейрек кездешүүчү металлдарга чектөөлөрүнөн жабыркоодо. Австралия жана Канада сыяктуу өнөктөштөр да Вашингтон менен Кытайдын кысымына туш болууда.
“Кыска мөөнөттө, баалар кымбаттайт. Камсыздоо чынжырлары ордунда турат жана булар бир түндө өзгөртүлө албайт”,- дейт Керстинг.
Узак мөөнөттүү көз караш: жаракалар жана божомолдор
Кыска мөөнөттө оболу электрондук буюмдардын бааларынын жогорулашы күтүлүүдө. Азиядан аба жолу менен жүк ташуу тарифтери 20 пайызга өстү.
Бирок экономисттерди эң көп тынчсыздандырган нерсе — бул узак мөөнөттөгү өзгөрүүлөр.
“Узун мөөнөттө дагы төмөн болгон тарифтерге ээ өлкөлөр көңүлдөрдү бурат жана ушул себеп менен Apple жана Nike сыяктуу компаниялар товарларын жана орто товарларын Индия же Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдөн алууга аракет кылышат, албетте бул өлкөлөр тарифтерден кача алса,” - дейт Клейн.
Татаал, морт жана көптөгөн жылдардын ичинде пайда болгон азыркы камсыздоо чынжырлары өзгөрүүдө. Apple 2028-жылга чейин iPhone өндүрүшүнүн 25 пайызын Индия жана Вьетнамга которууну пландоодо. Tesla Мексикага багыт алууда. Чип өндүрүүчүлөр Кытайдан тышкары жаңы объектилерге 60 миллиард доллар сарптоодо.
Бул өзгөрүүлөрдүн чыгашалары - ашыкча, натыйжасыздык жана керектөөчүлөр үчүн жогорку баалар.
“Бул арзан товарлардын аягы болушу мүмкүн. Балким да азырынча так болбосо да биз билген интеграцияланган дүйнөлүк экономиканын аягы болушу мүмкүн”,- деди Клейн.
Ишеним кризиси
Балким да эң кыйратуучу элемент экономикалык эмес — психологиялык
Керстинг : “Саясаттар жарыяланууда, андан кийин өзгөртүлүүдө, анан кайрадан жарыяланууда, бул да ишеним кризиси тереңдетүүдө” - дейт.
Ишеним бир жолу жоголгондо кайрадан курулушу көптөгөн жылдарды алат.
Азырынча эки тарап тең өз позицияларын бекемдөөгө даяр көрүнүүдө. Пекин Вашингтонду экономикалык “зомбулук” кылуу менен айыптады. Трамп болсо салык тарифтеринин "башталыш" гана экендигин жана Пекин менен потенциалдуу соода сүйлөшүүлөрүнөн позитивдүү бир нерсенин чыгышын күтүп жаткандыгын айтты.
Бул ызы-чуунун артында негизги элементтер акырындык менен өзгөрүүдө.
Кансыз согуштан кийинки тартиптин эки негизги тиреги болгон АКШ менен Кытай бири-биринен алыстап баратат. Бул ажырым жөн гана стратегиялык эмес; ошондой эле экономикалык, жеке жана структуралык.
Керстинг айткандай: "Кытай менен АКШнын ажырашуусу керектөөчүлөр жана дүйнөлүк экономика үчүн өтө терс кесепеттери менен чоң өзгөрүү болот”.