Шейшемби күнү Кытайдын түндүк-чыгышындагы ресторанда чыккан өрттөн 22 адам каза таап, үч кишинин жаракат алганын Пекиндин мамлекеттик телеканалы билдирди.
CCTV Пекинден 580 чакырымдай түндүк-чыгышта жайгашкан Ляоян шаарында чыккан өрт "29-апрелде саат 12:25те" башталганын жана саат 14:00гө карата окуя "22 адамдын өлүмүнө жана үч кишинин жаракат алышына себеп болгонун" кабарлады. Президент Си Цзиньпин бул өрт “олуттуу жоготууларга” алып келгенин баса белгилеп, андан алынган сабактар “өтө маанилүү” экенин айтты.
Си жаракат алгандарды дарылоо, каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтүү, өрттүн себебин тез арада аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликти аткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого" чакырды.
Интернетте тараган жана AFP тарабынан ырасталган видеолордо эки кабаттуу ресторанды каптаган катуу жалындар жана кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Кытайдын TikTok версиясы Douyin платформасында жарыяланган башка видеолордо медиктердин бир жабырлануучуну носилка менен тез жардам унаасына алып бара жатканы жана өрт өчүрүүчүлөрдүн жалын менен күрөшүп жатканы байкалды.
Кытайда имарат куруу эрежелеринин начардыгы жана коопсуздук эрежелеринин көп учурда сакталбагандыгы себептүү өлүмгө алып келген өрттөр көп кездешет. Бул айда Хэбэй провинциясындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 20 адам көз жумган. Ал эми январь айында Пекиндин түндүк-батышындагы Чжанцзякоу шаарындагы жашылча базарында чыккан өрт сегиз адамдын өмүрүн алып, 15 адамдын жаракат алышына себеп болгон. Ага чейин бир ай мурун Кытайдын чыгышындагы Жунчэн шаарындагы курулуш аянтчасында чыккан өрттөн тогуз адам каза тапкан.