Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкы директору Кристалина Георгиева, ЭВФнын Сириянын мекемелерин кайра калыбына келтиришине жана дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына жардам берүүнү максат кылганын билдирди.
Георгиева ЭВФ жана Дүйнөлүк Банктын Жазгы жыйналыштарынын алкагында бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында, ушул жумада Сирия менен жолугушуу өткөрүлгөнүн айтты.
Сириянын Борбордук банкынын төрагасы жана каржы министринин, 20 жылдан бери биринчи жолу Жазгы жыйындарга катышканын белгилеген Георгиева: «Максатыбыз биринчи кезекте алардын мекемелерин кайра курууларына жардам берүү жана ошону менен дүйнөлүк экономикага интеграциясын камсыз кылуу»,-деди.
ЭВФнын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин директору Жихад Азур Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия экономикаларына арналган пресс-конференцияда Сирия менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берди.
Сириянын акыркы 15 жылдан бери согуштан улам эл аралык аренадан обочолонуп калганын баса белгилеген Азур, 2011-жылдан бери өлкөнүн ЭВФ менен карым-катнашынын абдан чектелүү болгонун айтты.
Ал ошондой эле ЭВФнын Сирия менен акыркы жолу 2009-жылы 4-берене боюнча кеңешме өткөргөнүн кошумчалады.
Азур эл аралык коомчулуктун Сириянын узакка созулган согуштан кантип чыга алаарын аныктоо үчүн активдүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи. Февраль айында даярдык жыйыны өткөрүлгөнүн, анда аймактык мекемелер жана эл аралык коомчулук чогулуп, кийинки координациялык жыйынды өткөрүү боюнча макулдашканын айтты.
Координациялык жыйындын шейшемби күнү өткөрүлгөнүн билдирген Азур, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Сириянын муктаждыктарын баалоо жана координациялык алкакты иштеп чыгуу үчүн чогулганын кошумчалады.