Судан дүйшөмбү күнү Ыкчам колдоо күчтөрүн (HDK) борбор шаар Хартумдун батышында 31ден ашуун куралсыз жаранды өлтүрүү менен айыптады.
Судандын Тышкы иштер министрлиги : “Ыкчам колдоо күчтөрү аймактык демөөрчүсүнүн атынан Судан калкына жана улуттук мамлекетке каршы согуш жүргүзүп дагы бир жолу кылмыш жана террордук мүнөзүн көрсөтүп, аймактык демөөрчүсүнүн атынан Судан элине жана алардын улуттук мамлекетине каршы прокси согуш жүргүзүп, кылмыштуу жана террордук табиятын дагы бир жолу ачыкка чыгарды. Акыркы болгон террордук кылмыш жекшемби күнү Омдурманда 31ден ашуун куралсыз жарандын өлтүрүлүшүн да камтууда” - деп билдирди.
Жекшемби күнү судандык дарыгерлер тармагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Омдурмандын Аль - -Салха районунда араларында балдар да болгон 31 адамды өлтүргөнүн билдирди. Активисттер Ыкчам колдоо күчтөрү форма кийген адамдардын бир группа кишиге ок аткандыгын көрсөткөн видеолорду социалдык медиада бөлүштү.
Бирок Ыкчам колдоо күчтөрү жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө видеолордогу куралчан кишилердин өз катарларында эмес экендигин айтып бул айыптоолорду четке какты. Бир нече жумадан бери Омдурмандын ар кайсы аймактарыда Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар болууда. Уюм Хартум штатындагы акыркы чебин сактап калууга аракет кылууда.
Түндүк Дарфур провинциясынын борбору Аль - Фашир шаарында армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар чыкты. Негизги кыймылы жарандык топ болгон Аль - Фашир каршылык көрсөтүүнү координациялоо комитети : “Бүгүн шаарда оор жана жеңил куралдар колдонулган кашылышуулар болду”,- деп билдирди.
Кайрымдуулук ашканалары Аль-Фаширдин он миңдеген тургунуна жана жер которгон жарандарга ысык тамак берип жаткан. Бул кишилердин көбү Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан бир жылдан ашык убакыттан бери курчоого алган оор шарттарда жашоо үчүн күрөшүүдө.
2023-жылдын 15-апрелинен бери Ыкчам колдоо күчтөрү Судандагы көзөмөлдү колго алуу үчүн Судан күчтөрү менен кагылышууда. Бул абал миңдеген адамдардын өлүмүнө жана дүйнөдөгү эң жаман гуманитардык кризистердин бирине алып келди. Бириккен Улуттар Уюмунун жана жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, учурда 20 миңден ашуун адам набыт болуп, 15 миллиону жер которгон. Бирок америкалык изилдөөчүлөр каза болгондордун саны 130,000ге жакын экендигин болжошууда.