26 Апрель 2025
АФПнин Индия армиясынын булактарына таянып берген маалыматына караганда Индия жана Пакистандын аскерлери талаш - тартыштуу Кашмир аймагында эки өлкөнү бөлгөн көзөмөл линиясында (LoC) экинчи күн бири биринин артынан түнү менен ок атты.
Индиянын армиясы Пакистан позицияларынын эч бир провокация болбостон Кашмирдеги көзөмөл линиясына ок аткандыгын белгиледи.
Индиялык жетекчилер : "Индиянын аскерлери кичине масштабдуу куралдар менен ылайыктуу түрдө жооп кайтарды",- деп билдиришти жана эч кандай жоготуунун болбогондугу белгиленди.