Эл аралык Мунапыс уюму дүйшөмбү күнү жарыялаган жылдык отчетунда Израилди Газадагы палестиналыктарга каршы "геноцид" кылып жатат деп айыптады. Уюм Израилдин, калктын басымдуу бөлүгүн күч менен көчүрүп жана атайылап гуманитардык кризис жаратып геноцид кылмышын жасап жатканын билдирди.
Израиль болсо Мунапыс уюму, башка укук коргоо уюмдары жана айрым мамлекеттер тарабынан коюлган "геноцид" айыптоолорун четке какты.
Эл аралык Мунапыс уюмунун баш катчысы Агнес Калламард: "Мамлекеттер Израилдин миңдеген палестиналыктарды өлтүрүп, көп муундуу үй-бүлөлөрдү жок кылып, үйлөрдү, жашоо каражаттарын, ооруканаларды жана мектептерди кыйратканын эч нерсе кыла албай карап турушту", - деп билдирди.
"Өтө оор азаптар"
Эл аралык Мунапыс уюмунун отчетунда Израилдин согушу Газадагы палестиналыктардын көбү "күч менен көчүрүлүп, үй-жайсыз, ачка, өмүргө коркунуч туудурган ооруларга кабылган, медициналык жардамга, электр энергиясына жана таза сууга жеткиликсиз абалда" калтырганы айтылды.
Эл аралык Мунапыс уюму 2024-жыл бою Израилдин "жарандарга жана жарандык объектилерге түздөн-түз кол салуу, туш келди жана ченемсиз чабуулдар сыяктуу көптөгөн согуш кылмыштарын" документтештиргенин билдирди.
"Мурда болуп көрбөгөн гуманитардык кризис"
Отчетто Израилдин аракеттери Газадагы калктын 90 пайызын түзгөн 1,9 миллион палестиналыкты жеринен ажыратып, "мурда болуп көрбөгөн гуманитардык кризисти атайылап пландаганы" айтылды.
Батыш өлкөлөрүнүн борборлорунда нааразычылык акциялары өтүп жатканда, "дүйнө мамлекеттери өз алдынча жана биргелешип бул зомбулукту токтотуу үчүн олуттуу чара көрүүдө кайра-кайра ийгиликсиз болду, атүгүл ок атышууну токтотууга чакырууда да кечигишти".
Ошол эле учурда Эл аралык Мунапыс уюму Батыш Жээктеги басылып алынган палестиналык аймактарда Израилдин аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, Израилди "апартеид системасын" колдонуп жатат деп айыптады.
Отчетто: "Израилдин апартеид системасы оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде барган сайын зордук-зомбулукка айланды. Бул абал израилдик отурукташуучулардын палестиналык жайкын тургундарга карата мыйзамсыз өлтүрүүлөрүнүн жана мамлекет тарабынан колдоого алынган кол салуулардын кескин көбөйүшү менен көрүндү", - деген сөздөр камтылды.
Эл аралык Мунапыс уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча аймактык директору Хеба Морайеф "Газадагы палестиналыктардын акыркы бир жылдан бери күн сайын башынан кечирип жаткан оор азаптарга" токтолуп, "дүйнөнүн муну токтотууга жөндөмсүздүгүн же саясий эрктин жоктугун" айыптады.