Орусиянын бир тараптуу үч күндүк ок атышпоо келишимине жооп катары Ак үй, АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту толугу менен токтотуу үчүн туруктуу ок атышпоону көргүсү келгенин билдирди.
«Менин түшүнүгүм боюнча Владимир Путин бүгүн эртең менен убактылуу ок атышпоону сунуштады. Президент биринчи кезекте адам өлүмүн жана кан төгүүнү токтотуу үчүн туруктуу ок атышпоону каалаганын ачык айтты. Келишимге жетишүү мүмкүн экени темасында оптимисттик көз караш менен бирге чынчыл мамиле кылууда», – деп билдирди дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында Ак Үйдүн басма сөз катчысы Каролайн Левитт.
Трамптын дем алыш күндөрү Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу аземи учурунда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусуна шилтеме кылып "Эки лидер тең бул кырдаалдан чыгуунун жолун сүйлөшүү үчүн үстөлгө отурушу керек. Президенттин Украинанын президенти Зеленский менен жолугушуусу, анын тынчтык орнотуучу болгусу келгени үчүн көп күч-аракетин жана убактысын жумшаганын көрсөтүп турат" деп кошумчалады Левитт.
Москва Советтер Союзунун фашисттик Германияга каршы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 80 жылдыгын белгилөөгө даярданып жатканда Путин дүйшөмбү күнү Украинада бир тараптуу ок атышпоо жарыялады. Орус лидери 7-8-май түн жарымынан 10-11-май түн жарымына чейин Украинадагы бардык аскердик аракеттерди токтотууга буйрук берди.
Украина болсо буга жооп катары Москва тынчтыкты кааласа, Украинадагы согуш аракеттерин «дароо» токтотушу керектигин билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха X платформасында: "Эгер Орусия чындап тынчтыкты кааласа, анда ок атышпоо келишимин дароо башташы керек. Эмне үчүн 8-майга чейин күтүш керек? Ок атышпоо азыр түзүлүп, 30 күнгө созула турган болсо, бул бир гана азем үчүн эмес, чыныгы ок атышпоо болот" деди.
Сыбиха Украинанын «туруктуу, бекем жана толук» ок атышпоону колдоого даяр экенин айтып: "Бул биз ырааттуу түрдө сунуш кылган нерсе" деп кошумчалады.