САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Канаданын Либерал партиясы Марк Карнейдин жетекчилигинде кайрадан бийликке келди
Либералдар Трамптын Канада тууралуу талаштуу билдирүүлөрү жарышты өзгөрткөнгө чейин жеңилүүгө кара бара жаткан.
Канаданын Либерал партиясы Марк Карнейдин жетекчилигинде кайрадан бийликке келди
29 Апрель 2025

Канадалыктар учурдагы Либерал партиясына төрт жылдык мөөнөт беришти жана премьер - министр Марк Карнинин АКШнын президенти Дональд Трамптын башы салыктары жана Канаданы аннесиялоосуна каршы күрөшө аларына ишенүүдө.

Карни Канаданын жана Британиянын Борборду банкынын төрагалык кызматын аткарган тажрыйбасына таянып каналыктарга тарифтик согуштар жана Трамп менен түзүлгөн жаңы соода келишими сыяктуу туруксуз экономикалык кырдаалдарда өлкөнү багыттай ала турган экономикалык каражаттарга ээ экендиги тууралуу билдирди.

Консервативдик партиянын лидери Пьер Пуальев премьер-министр Жастин Трюдонун жетекчилигиндеги 10 жылдык жай кыймылдаган Либералдык партияга каршы өзгөрүү убадасы менен кампания жүргүздү, бирок бул жеңишке жетүү үчүн жетиштүү болгон жок.

Канадалыктар Пуальеврдин билдирүүсүн четке кагышты жана бул ал үчүн оор жеңилүү болду анткени көптөгөн айлардан бери жүргүзүлгөн сурамжылоолордо Либералдардан алда канча алдыда болчу.

Бирок коомчулук тарабынан анча жактырылбаган Трюдонун кызматтан кетиши, Либералдык партиянын лидерлик курултайынан кийин саясатка жаңы келген Карни бийликке келиши менен иш өзгөрдү.

Сурамжылоолордо либералдар алдыга озуп чыгып, консерваторлорду артта калтырды жана 27-апрелдеги акыркы сурамжылоонун жыйынтыгында төрт упай алдыга чыкты.

Көпчүлүккө ээ болуу али белгисиз

Шайлоочулар Карнинин Трамп менен беттешүү убактысы келгенде, өкмөттү башкарууда туруктуу кол катары кабыл алышты. Бирок Карни буга чейин саясатта болгон эмес, андан да Канаданын эң жогорку кызматында иштеген эмес.

Шайлоо эки партиялуу жарышка айланды, Жагмит Сингх жетектеген Жаңы Демократиялык Партия эч качан олуттуу атаандаш болгон жок.

Өлкө боюнча 343 орун (аймак) үчүн ат салышуу болду жана көпчүлүк үчүн 172 орун керек.

Канада географиялык жактан өтө чоң болгондуктан, алты убакыт алкагына ээ. Добуштарды саноо улантылууда, ошондуктан Карнинин көпчүлүк же азчылык өкмөттү жетектей турганы азырынча белгисиз.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us