САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Сауд Арабиясы жана Катар Сириянын Дүйнөлүк Банкка төлөнүүчү 15 миллион доллардык карызын төлөп берет
Сауд Арабиясы жана Катар Сириянын $15 миллион карызын төлөөсү өлкөнүн калыбына келишине жардам берет деп билдиришти.
Сауд Арабиясы жана Катар Сириянын Дүйнөлүк Банкка төлөнүүчү 15 миллион доллардык карызын төлөп берет
International Monetary and Financial Committee (IMFC) Chair, Saudi Finance Minister Mohammed Al Jadaan speaks at an International Monetary and Financial Committee press briefing at the 2025 annual IMF/World Bank Spring Meetings in Washington, DC, US, April 25, 2025. / Reuters
28 Апрель 2025

Сауд Арабиясы жана Катар Сириянын Дүйнөлүк Банкка болгон 15 миллион долларлык карызын төлөп берерин билдиришти.

Жекшемби күнү эки өлкө биргелешкен билдирүү жасап, Сириянын Дүйнөлүк Банкка болгон карызын жабуу өлкөнүн калыбына келүү процессин тездетүүгө жардам берерин белгилешти.

«Бул кадам Сирияга жакынкы убакта маанилүү тармактарды өнүктүрүү үчүн каржылык колдоо алууга жол ачат. Ошондой эле, мекемелерди кайра куруу, мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана саясатты иштеп чыгуу менен реформаларды жүргүзүүгө техникалык жардам көрсөтөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкө эл аралык жана аймактык каржылык мекемелерди Сирияда өнүгүү иштерин тез арада кайра баштоого жана кеңейтүүгө, өз ара аракеттенүүгө жана сириялык боордош элдин жаркын келечекке болгон үмүттөрүн ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырышты.

Өтмө башкаруу

Сириянын борбордук банкынын башчысы жана каржы министри ушул жумада 20 жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк Банктын жазгы жыйындарына катышты.

Бейшемби күнү ЭВФтин директору Кристалина Георгиева ЭВФ Сириянын мекемелерин кайра курууга жана аны дүйнөлүк экономикага интеграциялоого жардам берүүнү пландап жатканын билдирди.

Сирияны 25 жылга жакын башкарган Башар Асад декабрь айында Орусияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын доору аяктады.

Январь айынын аягында өтмө башкаруу түзүлүп, конституция, куралдуу топтор, парламент жана Баас партиясы таратылган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us