Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, Орусиянын Украинага каршы согушунда орус тарапта согушуп жаткан Түндүк Кореянын болжол менен 4,700 аскери каза болгон же жаракат алган.
Бул билдирүү Түндүк Кореянын Орусия былтыр Украинанын күтүүсүз чабуулу менен көзөмөлүн жоготкон Курск чөлкөмүнүн айрым бөлүктөрүн кайтарып алуу максатында согуштук аскерлерди жибергенин биринчи жолу ырастагандан эки күн өткөндөн кийин айтылды.
Парламенттик комитеттин жабык эшик артында өткөн брифингинде Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Түндүк Кореянын Орусия-Украина фронтунда 4700 жоготууга учураганын кабарлады. Мындай маалыматты жыйынга катышкан депутаттардын бири Ли Сон Квен билдирди.
Линин айтымында, январь айынан март айына чейин жаракат алган 2,000 түндүк кореялык аскер учак же поезд аркылуу кайра мекенине жиберилген. Ал эми каза болгон аскерлердин сөөгү Орусияда кремацияланып, андан кийин Түндүк Кореяга жөнөтүлгөн.
Январь айында Түштүк Кореянын Чалгын кызматы, Түндүк Кореянын 300дөй жоокери набыт болгонун жана 2700үнүн жаракат алганын билдирген. Өткөн айда Түштүк Кореянын армиясы бул эсепти 4000ге жогорулаткан.
Дүйшөмбү күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “украиналык неонацисттик баскынчыларды жок кылуу жана Курск аймагын орус куралдуу күчтөрү менен биргеликте бошотуу” үчүн аскерлерин жиберүүнү чечкенин жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путин андан соң Түндүк Кореяга ыраазычылык билдирип, түндүк кореялык аскерлердин курмандыктарын унутпай турганын айтты.
Ким менен Путиндин айтымында, аскердик жардам эки өлкөнүн 2024-жылкы коргонуу келишиминин алкагында ишке ашкан. Бул келишимде бир тарапка чабуул жасалса, экинчи тарап жардам берүүгө милдеттүү экени каралган. АКШ, Түштүк Корея жана алардын өнөктөштөрү Түндүк Корея Орусиянын курал-жарак запасын толуктоо үчүн көп сандагы куралдарды жөнөтүп жатканын айтышууда. Алардын пикиринде, Орусия мунун ордуна Түндүк Кореяга аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүүдө.
10,000ден ашуун түндүк кореялык аскерлер
АКШ, Түштүк Корея жана Украина жетекчилери Түндүк Корея былтыр күзүндө Орусияга 10,000-12,000 аскер жөнөткөнүн билдиришкен. Түштүк Кореянын армиясы март айында Түндүк Кореянын быйыл жыл башында Орусияга кошумча 3000дей аскер жибергенин маалымдаган.
Шаршемби күнкү брифингде Түштүк Кореянын Чалгын кызматы Орусия Түндүк Кореяга абадан коргонуу ракеталарын, электрондук согуш жабдууларын, дрондорду жана спутниктик технологияларды бергенин билдирди. Бул тууралуу жыйынга катышкан депутат Ким Бёнг Ки маалымдады.
Кимдин айтымында, Орусия менен Түндүк Кореянын эки тараптуу өнөр жай кызматташтыгынын алкагында 15,000 түндүк кореялык жумушчу Орусияга жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Түндүк Кореянын Орусияга жөнөткөн ракета жана артиллериялык ок-дарылардын миллиарддаган долларга бааланганын, бирок Чалгын кызматы Орусиянын Түндүк Кореяга алар үчүн накталай акча төлөгөндүгүнө байланыштуу эч кандай белги таба электигин айтты.